
Опубликовано
28.09.2023, 10:28Быйыл жарым жылда эл аралык акча которуу системалары аркылуу Кыргызстанга 81,5 млрд сом түшкөң. Бул тууралуу Улуттук банктын отчеттук материалдарында айтылат.
Маалыматка ылайык, акча которуулар былтыркы жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу азайган.
Ошондой эле, Кыргызстандан чет өлкөгө 27,5 млрд сом которулган. Мында да 2022-жылдын жарым жылына салыштырмалуу которулган акчанын көлөмү азайганын белгилөө керек.
Ал эми региондор боюнча алганда экинчи кварталда эл аралык акча которуу системалары аркылуу эң көп Бишкекте акча которулган. Сумма өлкөгө которулган жалпы акчанын көлөмүнүн 32,4 пайызын жана өлкөдөн которулган акчанын 67,2 пайызын түзөт.



