Опубликовано
08.03.2022, 04:14"Travel Show Budapest 2022" эл аралык туристтик көрмөзөсүнүн алкагында Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары - туризм департаментинин директору Самат Шатманов "Борбордук Азиядагы туризмдин жаңы жолдору" аталышта HUNGEXPOнун өлкөлөрдү таанытуу аянтчасында Кыргызстандын туризм дарамети жөнүндө баяндама жасады. Бул тууралуу Туризм департаментинен кабарлашты.
Ошондой эле кыргыз-венгр элинин бир туугандык мамилеси түбөлүктүү жана түпкү тамыры бир экендигин белгиледи.
Кыргызстандын туризмге болгон артыкчылыгын белгилеп, көчмөндөрдүн оригиналдуу маданияты, кызыктуу каада-салттары, тоолору саякатчыларды суктандырарын билдирди. COVID-19 илдетине байланыштуу тиешелүү алгортимди кабыл алып, Кыргызстан биринчилерден чек араларын ачкандыгын жана 67 өлкөнү визасыз режимде кабыл алуусун, анын алкагында Венгрия мамлекети дагы визасыз кирүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин айта кетти.