Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    02.06.2022, 08:30

    Орусия жана Казакстан темир жолдору менен макулдашуу боюнча ушул жылдын 3-июнунан тарта эл аралык жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддерде жол кире арзандайт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

    Алсак:

    1) Бишкек – Самара

    Плацкарт вагондо балдардын билети 3 600 сомдон, чоңдор үчүн билет 9 643 сомдон башталат.

    Купе вагондо балдардын билети 4 675 сомдон, чоңдор үчүн билет 12 694 сомдон башталат.

    2) Бишкек – Казань

    Плацкарт вагондо балдардын билети 4 592 сомдон, чоңдор үчүн билет 12 476 сомдон башталат.

    Купе вагондо балдардын билети 6 217 сомдон, чоңдор үчүн билет 17 104 сомдон башталат.

    3) Бишкек – Новосибирск

    Плацкарт вагондо балдардын билети 2 940 сомдон, чоңдор үчүн билет 7 761 сомдон башталат.

    Купе вагондо балдардын билети 3 801 сомдон, чоңдор үчүн билет 10 219 сомдон башталат.

    • Шейшептердин баасын эсепке алуу менен.

    • Салыктарды эсепке алуу менен.

    • Поезд жөнөгөнгө чейин билетти канчалык эрте сатып алсаңыз, ошончолук арзан болот.

    • Баалар валютанын алмашуу курсуна жана тарифке карата индексация коэффициенттерине жараша өзгөрүшү мүмкүн.

    • Бир жүргүнчү үчүн, өзүнчө орун ээлебеген, 5 жашка чейинки балдар акысыз. 5 жаштан 10 жашка чейинки балдардын билети чоңдорго караганда эки же андан көп эсе арзан.

    • Жүргүнчүгө 36 кг кол жүгүн жана жалпы 200 см үч өлчөмдүү жүктү бекер ташуу жана төлөм үчүн кошумча 14 кг.

    • Үй жаныбары кол жүгүнүн нормасынын эсебинен бекер.

    • Кол жүгүнүн нормасынын жана өлчөмүнүн эсебинен мотору жок, чечилген велосипед бекер.

    • Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жүргүнчүлөр кол жүгүнүн белгиленген нормасынан ашыкча, алардын кыймылы үчүн зарыл болгон жабдууларды акысыз алып жүрүүгө жана жетектөөчү иттерди бекер алып жүрүүгө укуктуу.

    • Поезд жөнөгөнгө чейин 24 саатка чейин комиссиялык жыйымдарды кошпогондо, акча кармап калбай, жол кире акысын кайтарып берүү.


    Читать похожее

    • 27.12.2023, 21:15:04
    • 31.10.2023, 05:55:13
    • 20.10.2023, 01:20:00
    • 02.06.2022, 02:30:04