Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    03.07.2023, 08:21

    Билим берүү жана илим министрлиги президенттин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына кабыл алуу узартылгандыгын билдирди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

    Белгилеп кетсек, жыл сайын 50 “Эл үмүтү” стипендиясы бөлүнөт. Алардын ичинен техникалык жана инженердик багыттар боюнча магистрлерди даярдоого - 20 стипендия, экономикалык багыттар боюнча магистрлерди даярдоого - 10 стипендия, социалдык-гуманитардык багыттар боюнча магистрлерди даярдоого - 10 стипендия, философия доктору PhD программалары боюнча окутуу үчүн - 10 стипендия берилет.

    “Эл үмүтү” стипендиясынын максаты - Кыргызстандын таланттуу жаштарына жогорку окуу жайларынын (мындан ары - окуу жайлары) QS World University Rankings, Times Higher Education топ-100 дүйнөлүк рейтингине кирген чет өлкөлүк окуу жайларында, билим берүү программаларында магистр жана PhD доктору деңгээлинде билим алуусуна көмөк көрсөтүү болуп саналат.


    Читать похожее