
Опубликовано
18.04.2023, 08:55“Кыргызстандын Улуттук электр түйүндөрү” ААКсынын филиалдарына жаңы атайын техникаларды тапшырды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, техникалар "Кыргызстан УЭТ" ишканасы тарабынан сатып алынган.
“Алынган “Shanmon” экскаваторлорунун жана бригадалык атайын автоунаалардын жалпы суммасы 31 млн 845 миң 469 сомду түздү”, - деп айтылат маалыматта.
Атайын автоунаалар бүгүн 18-апрелде Ош, Жалал-Абад жана Нарын электр тармактар ишканаларына бөлүштүрүп берилди. Энергетика министри Таалайбек Ибраев атайын техникаларды алган электр тармактар ишканасынын жетекчилерине техникаларга аяр мамиле жасоого чакырды.



