Опубликовано
11.07.2020, 06:00Ош шаардык ооруканасына «Элим барсыңбы?» кайрымдуулук фонду тарабынан 3 кычкылтек концентратору берилди. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдирди.
[news 25996]
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов фонддун өкүлдөрү менен жолугуп, көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирген.
«Аталган фонд «Достук» студенттер жатаканасын дарыгерлер үчүн обсервация катары пайдаланууга берип, тамак-аш менен да камсыз кылууда», - деп айтылат маалыматта.