Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    30.01.2020, 07:15

    КР Билим берүү жана илим министрлигинин 2019-жылдын 25-ноябрында чыккан буйрукка ылайык, «Жаңы китеп» мекемеси китептерди башкаруунун маалыматтык системасын түзүүнү баштаган. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

    Маалыматка караганда, аталган иш-чаранын алкагында китептер жана китеп фонддору, ошондондой эле китепти ижарага алып окуп жаткан окуучулардын базасы боюнча эки маалымат базасы түзүлүшү керек. Биринчиси – китептер жана китеп фонддору боюнча, экинчиси – ижарага китеп алып окуп жаткан окуучулардын маалымат базасы.

    Өздүк идентификациялык номер - бул ар бир окуучунун тек-жайын аныктай турган уникалдуу код. Ал окуучунун аты-жөнү, туулган күнү, окуган мектеби, классы тууралуу маалымат туура жазылгандыгын камсыздап, ката болуп калуудан сактайт.

    Окуучу тууралуу маалымат анын ата-энесинин макулдугу менен чогултуп, ӨИН тутумга бир гана жолу киргизилет. Аталган система окуучулардын маалыматтарына байкоо жүргүзүүгө, министрликке керектүү ар кандай отчетторду толтурууда жана бирдиктүү маалымат базасына киргизүүдө көмөк көрсөтөт.


    Читать похожее

    • 30.01.2020, 01:15:18
    • 19.12.2019, 21:30:32