Akchabarsearch
    Источник фото: Sputnik.kg

    Опубликовано

    31.03.2022, 10:43

    Быйылкы жылы Кыргызстанда жылуулук берүү иштери ийгиликтүү жыйынтыкталды. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Энергетика министри Доскул Бекмырзаев билдирди.

    Анын айтымынада, ар кандай божомолдорго карабастан, жылытуу мезгилинде өчүрүүлөр болгон жок. Ошондой эле тариф саясаты боюнча президенттин тапшырмасы толугу менен аткарылган.

    "Быйыл жылуулук берүү иштери ийгиликтүү аяктады. Киргизилген чектөөлөр алынды. Тактап айтканда, бир катар керектөөчүлөр үчүн тариф 50 тыйынга төмөндөтүлүп, бийик тоолуу аймактардын жашоочулары үчүн электр эренгиясын колдонууда чектөө алынып салынды. Бүгүнкү күндө электр тармагында абал туруктуу”,- деди Бекмурзаев.

    Мындан тышкары министр үстүбүздөгү жылы жаңы генераторлорду ишке киргизилсе, анда импорт маселесине чекит коюларын белгиледи.


    Читать похожее

    • 31.03.2022, 04:43:03