Опубликовано
08.08.2023, 05:20Энергетика министри Таалайбек Ибраев “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын филиалдарына 11 жаңы атайын техниканы тапшырды. Бул тууралуу аталган компаниянын басма сөз кызматы билдирди.
Атайын унаалар 2023-жылга белгиленген капиталдык курулуш планына ылайык “Кыргызстан улуттук электр тармактары” ишканасы тарабынан сатылып алынган.
Алынган 5 жүктөгүч кран жана 6 оперативдүү бригаданын атайын техникасынын жалпы суммасы 46 млн 468 миң сомду түздү. Алар алыскы тоолуу аймактардагы райондук электр тармактары (РЭС) боюнча бөлүштүрүлгөн.
Энергетика министри атайын жабдууларды тааныштырып жатып, келе жаткан күз-кыш мезгилинде калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо энергетика тармагынын милдети экенин баса белгиледи.