Опубликовано
30.03.2022, 11:58Кыргызстанда энергетикалык компанияларды бириктирүү жол-жоболору аяктады. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Кыргызстандын энергетика тармагындагы түзүмдөштүрүү реформаларын жүргүзүүнүн алкагында "Түндүк электр", "Кыргызстандын УЭТ", "Чыгыш электр", "Жалал-Абад электр" жана "Бишкекжылуулуктармагы" ААКдарда акционерлердин кезексиз жыйыны өттү.
Анын жыйынтыгы менен аталган энергетикалык компанияларды кайра түзүмдөштүрүү чечими кабыл алынып, бөлүштүрүүчү энергетикалык компаниялар "Кыргызстандын УЭТ" ААКна кошулат, ал эми "Бишкекжылуулуктармагы" ААК "Электр станциялары" ААКна кошулат.
"Реформалар жасалган соң энергетикалык компаниялардын чыгымдары, административдик чыгымдар кыскартылып, сатып алууларды бириктирүүдөн экономикалык натыйжа алынып, бизнес-процесстер автоматташтырылып, электр энергиянын сатуу жолдору жана айкындуулугу жакшыртылып, электр чарбасын реконструкциялоо менен электр тармактарындагы жоготууларды азайтуу оптималдаштырылышы мүмкүн", - деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, оптималдаштырылган каражат жаңы иштеп чыгуучу кыбаттуулуктарды киргизүү, энергия жабдууларын реконструкциялоо жана жаңылоо, Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун бекемдөө долбоорлорун жүзөгө ашырууга жумшалмакчы.