Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

28.09.2023, 04:50

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Кыргызстандын ИДПсы жакынкы жылдарда орточо деңгээлде өсөрүн болжолдоодо.

Ага ылайык, өлкөнүн экономикасы 2023-жылы 4,6% өсүп, 2024-жылы 7%га чейин тездейт.

Бирок 2023-жылдын жети айында былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу экономикалык өсүштүн 2,9%га басаңдашы байкалган. Бул металлдарды, өзгөчө алтынды өндүрүүнүн кыскарышы, ошондой эле айыл чарба тармагынын басаңдашы менен шартталган.

Белгилеп кетсек, күчтүү тышкы суроо-талаптан улам текстиль тармагында олуттуу өсүш байкалган. Туризм дагы өнүгүп, тамак-аш өндүрүшү, мейманкана бизнеси, чекене жана дүң сооданын өсүшүнө алып келген.

Анткен менен ЕРӨБ эксперттери Кыргызстандагы экономикалык өсүш суу-энергетикалык ресурстардын жетишсиздигинен улам чектелиши мүмкүн экенин эскертишүүдө.

Мындан тышкары, өлкөгө Орусия менен жигердүү ортомчулук соодасынан улам экинчи даражадагы санкцияларды киргизүү коркунучу бар. Бул факторлор өлкөнүн экономикасынын келечектеги динамикасына таасир этиши мүмкүн жана туруктуу өсүштү камсыз кылуу үчүн ресурстарды кылдат башкарууну талап кылат.


Читать похожее