Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

29.11.2023, 05:15

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 70 млн евро бөлөт. Тиешелүү документке Лондондо кол койулганын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Каражаттын 47 млн евросу Ысык-Көл айланма жолун реконструкциялоого, дээрлик 15 млн евро Кыргызстанда электр тармагын санариптештирүүгө, 8,5 млн евросу Базар-Коргон шаарын суу менен камсыздоо тутумдарын оңдоого жумшалат.