
Опубликовано
06.04.2023, 05:27Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Майлуу-Суудагы уран калдыктарын рекультивациялоого 23 миллион евро грант бөлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда ӨКМ тарабынан Майлуу-Суу шаарындагы уран калдыктары сакталган жерлерде рекультивациялоо иштерин жүргүзүү үчүн даярдык, уюштуруу жана техникалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
“Бул каражатка Майлуу-Суу шаарындагы 16 калдык сактоочу жай жана 39 тоо-кен калдыктары көмүлгөн жайлар калыбына келтирилет”, - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, былтыр Миң-Куш жана Шекафтар айылдарында экологиялык рекультивация иштери жүргүзүлгөн.
Эске салсак, быйыл февраль айында Министрлер кабинети тарабынан “Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы уран калдыктары бар жерлерди рекультивациялоо” гранттык макулдашуусу бекитилген.
"2015-жылы Европа Биримдигинин демилгеси менен түзүлгөн жана ЕРӨБ тарабынан башкарылган Айлана-чөйрөнү калыбына келтирүү гранты Борбор Азиядагы уранды жоюуга багытталган. Бельгия, Испания, Литва, Норвегия, Швейцария жана Америка Кошмо Штаттары менен бирге Европа Биримдиги гранттык каражаттын эң ири донору болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.



