Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

07.12.2023, 10:00

Төрт жылдын ичинде, 2018-жылдан 2022-жылга чейин Кыргызстанда аялдардын орточо эмгек акысы 98,4%га, эркектердики 78,5%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин “Кыргызстандын аялдары жана эркектери” жыйнагында баяндалат.

Ошол эле учурда, эркектер менен аялдардын орточо эмгек акысынын ортосундагы ажырым былтыркыдан 4,6 пайыздык пунктка азайып, 25,6% түздү.

Алсак, 2018-жылы аялдардын орточо айлык маянасы 12,5 миң сомду түзсө, эркектердин орточо айлык акысы 17,5 миң сомду түзгөн.

2022-жылы аялдардын орточо айлык акысы 24,9 миң сомго, эркектердики 31,3 миң сомго чейин өстү.


Читать похожее

  • 10.07.2024, 04:15:40
  • 30.06.2024, 22:41:31
  • 27.06.2024, 00:26:43
  • 30.05.2024, 05:55:13