Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    01.04.2024, 04:00

    2-апрелде “Туруктуу агроөнөр жай секторун түзүү” аталышында агрофорум өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

    Форум — айыл чарбасындагы алдыңкы ишкерлердин тажрыйбалары менен бөлүшүү үчүн ири аянтча болот.

    Иш-чаранын жүрүшүндө бир катар тематикалык сессиялар өтөт, атап айтканда:

    • айыл чарбасын жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү,
    • Кыргызстанда агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн келечеги,
    • агроазык-түлүк секторундагы мамлекеттик чыгымдардын тенденциялары,
    • азык-түлүк коопсуздугу жана инфляция жөнүндө изилдөөнүн алгачкы жыйынтыктары,
    • технологиялар, инновациялар жана инвестициялар аркылуу атаандаштыкка жөндөмдүү жана туруктуу айыл чарбасын түзүү.
    • Иш-чарага республиканын бардык облустарынан дыйкандар, ишкерлер, кайра иштетүүчүлөр жана өндүрүүчүлөр чогулат.