Опубликовано
28.08.2023, 03:35Эртең, 29-августта Бишкекте 6 миң 100 абоненттин дебитордук карызы боюнча жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек электр тармактар ишканасынан билдиришти.
Ыңгайсыздыктарды болтурбоо үчүн ишкана абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө чакырат.
“Компаниянын сайтында “Абоненттик баланс” бөлүмү бар, анын жардамы менен компаниянын бардык абоненттери, анын ичинде ички жана өндүрүштүк абоненттер каалаган убакта өздөрүнүн электр энергияга болгон карызын көрө алышат”, - деп айтылат маалыматта.