Опубликовано
07.04.2022, 11:02Эртең, 8-апрелде Бишкек шаарында «Кыргызстандын энергетика тармагын трансформациялоо келечектин жеткиликтүү жана туруктуу энергияга карай жолунда» энергетикалык форуму өтөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш чараны министрлер кабинети Дүйнөлүк банк тобунун көмөгү менен уюштурууда.
Иш-чаранын алкагында энергетикалык реформалардын жана инвестициялык кызматташуунун негизги багыттары, өлкөнүн энергетика тармагындагы реформаларды колдоо боюнча эл аралык өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу маселелери талкууланат.
Форумга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, эл аралык өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, мамлекеттик орган өкүлдөрү жана инвесторлор катышат.
"Форум сессияларынын алкагында катышуучулар жеке сектордун катышуусунда күн энергетикасын өнүктүрүү боюнча министрлер кабинетинин приоритеттерин, энергетикалык секторду реформалоо стратегиясын (реформалардын жана артыкчылыктуу инвестициялардын жол картасы), энергетикалык сектор маселеси боюнча калкты социалдык жактан колдоо чараларын талкуулайт",- деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, «Кыргызстанда күн энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттар» панелдик дискуссиясы орун алып, ошондой эле эл аралык финансы институттарынын ата мекендик энергетикалык секторду реформалоого кошкон салымы тууралуу маселе талкууланат.