Опубликовано
11.07.2024, 11:1212-июлда “Торугарт-автожол” көзөмөл-өткөрүү пункту бир саатка жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, “Торугарт-автожол” көзөмөл-өткөрүү пунктунда жүргүзүлүп жаткан техникалык иштерге байланыштуу эртең, 12-июлда күндүн биринчи жарымында адамдардын, транспорт каражаттарынын жана жүктөрдүн өтүүсү убактылуу (бир саатка) токтотулат.
“Торугарт-автожол” өткөрүү пункту – Нарын облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесинде жайгашкан өткөрүү пункту.