Опубликовано
10.11.2020, 10:15Билим берүү жана илим министрлигинин ыкчам аракеттеринин арты менен 11-ноябрдан тартып өлкөдөгү 1 489 жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары үчүн реалдуу окуу режими жанданат. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.
[news 29847]
Аймактар боюнча бөлүп караганда:
Билим берүү министрлигинен маалымдашкандай, эки жума бою реалдуу режимде окуу процесси жанданган мектептерде мониторинг жүргүзүлөт. Эгер абал туруктуу болуп, жакшы жыйынтык көрсөтсө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана саламаттык сактоонун аймактык органдарынын макулдугу менен башка класстарга дагы реалдуу режимде окууга уруксат берилет.
Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында эпидемиологиялык абал оор болгондуктан, Республикалык штаб жана Саламаттык сактоо министрлиги мектептерде реалдуу режимде окууну жандандырууга уруксат берген жок.