Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    25.03.2022, 04:35

    Салык кодексинин 178-беренесин ишке ашыруу максатында 18-марттагы “Эсеп-фактураларды колдонуу жөнүндө” министрлер кабинетинин токтому кабыл алынды. Бул туурадуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

    Аталган токтом менен эсеп-фактураларды түзүүнүн жана жүгүртүүнүн тартиби бекитилди, ошондой эле төмөнкүлөр белгиленди:

    кошумча нарк салыгын төлөөчү жана товарларды импорттоочу жана/же экспорттоочу салык төлөөчү, ошондой эле катары менен акыркы 12 ай үчүн же катары менен 12 календардык айдан кем эмес мезгилдеги кирешеси 8 млн сомдон ашкан салык төлөөчүгө;

    • жогоруда көрсөтүлгөн тартипте электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасынын катышуучулары катары катталууга;
    • ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен формада жана тартипте эсеп-фактураларды түзүүгө;

    1-апрелден тартып акыркы 12 ай ичинде же катары менен 12 календардык айдан аз мезгилдеги кирешеси 8 млн сомдон ашкан салык төлөөчү эсеп-фактураларды берет.

    “Бул токтомдун өзгөчөлүгү товарларды экспорттогон субъекттер Кыргызстандын аймагынан товарларды алып чыгуунун алдында электрондук эсеп-фактураны берүүгө милдеттүү. Буга байланыштуу министрлик экспортчуларга жана жүк ташуучуларга Кыргызстандын аймагынан товарларды экспорттоодо электрондук эсеп-фактураларды берүүнү сунуштайт”,- деп айтылат билдирүүдө.

    Бул токтом менен https://www.gov.kg/ru/npa/s/3715 шилтемеси аркылуу таанышууга болот.


    Читать похожее

    • 19.10.2023, 04:35:37
    • 24.03.2022, 22:35:38
    • 14.08.2020, 04:25:42
    • 13.02.2020, 22:30:40