Опубликовано
10.03.2022, 04:16Өткөн жылы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду менен Кыргыз Республикасын орто мөөнөттүү мезгилге өнүктүрүү программасына ылайык Кыргызстанга бюджеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө келишим түзүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
2022-жылга республикалык бюджетти түзүүдө бюджеттин киреше бөлүгүндө 80,0 млн доллар өлчөмүндө ЕФСР зайым каражаттары каралган.
Жогоруда аталган каражаттар республиканын экономика тармагын колдоого жумшалат:
Белгилеп кетсек, бул иш-чараларды каржылоо республиканын экономикалык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизет, бул келечекте мультипликативдик эффект берип, тартылган каражаттарды кайтарып берүү үчүн бюджеттин киреше бөлүгүнө таасирин тийгизет.