Опубликовано
17.04.2020, 06:30Facebook 50 кишиден ашуун катышкан бардык массалык иш-чараларды 2021-жылдын июнь айына чейин токтото турууну чечти. Бул тууралуу vc.ru порталы компаниянын жетекчиси Марк Цукербергдин билдирүүсүнө таянуу менен жазып чыкты.
[news 23247]
Маалым болгондой, айрым иш-чараларды социалдык тармак онлайн-режимде өткөрө турган болду.
Андан сырткары, Facebook кызматкерлерин май айынын аягына чейин үйдөн иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүп берген. Бирок, компаниянын кызматкерлери өз каалоолору менен үйдө 2020-жылдын сентябрь айына чейин иштеп тура алышат.
«Фейсбуктун кызматкерлеринин көпчүлүк бөлүгү - үйдөн иштей алышат. Биз коом алдыдагы жоопкерчиликти сезип, кызматкерлерге үйдөн иштөөгө бардык шарттарды түзүп бердик. Бул илдеттин жайылышын алдын-алууга бир катар жардам берерине ишенебиз», — деп айтты Марк Цукерберг.