Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    17.01.2024, 10:01

    Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаменти “Малдарды жасалма жол менен уруктандыруу” боюнча акысыз окуу семинарын өткөрөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

    Маалыматка ылайык, семинар райондордогу техник-уруктандыруучулардын билим деңгээлин жогорулатуу жана иштебей турган жасалма уруктандыруу пункттарын жандандыруу максатында ишке ашырылууда.

    Окутуу Чүй облусунун Сокулук районундагы Кыргыз мал чарба жана жайыт илим изилдөө институтунун Биотехнология лабороториясынын базасында өтөт.

    “Семинарга ветеринар адистер жана фермерлер катыша алат. Окутуунун жыйынтыгында атайын тест берилет, тесттен өткөн фермерлерге сертификаттар тапшырылат. Өтүнмө документтерди тапшыруу 2024-жылдын 30-январына чейин кабыл алынат”, - деп айтылат маалыматта.


    Читать похожее

    • 17.01.2024, 04:01:30
    • 05.12.2023, 04:10:52