Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    08.08.2023, 04:45

    Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы мыйзам бузууларды аныктоо боюнча бир катар иш-чараларды өткөрдү. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

    Иш-чаранын алкагында, ички контроль тутумун уюштуруу боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялар жоопкерчиликке тартылды.

    “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү өлкө мыйзамдарында белгиленген ички контроль тутумун уюштуруу боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн (ички контроль программасын колдонуу, тобокелдикке багытталган мамилелерди колдонуу, кардарды талаптагыдай текшерүүнү колдонуу) микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларга жалпы суммасы 110 миң сом өлчөмүндө эки айып пул салды”, - деп айтылат маалыматта.


    Читать похожее