Akchabarsearch
Источник фото: www

Опубликовано

21.07.2023, 05:27

Өзбекстандын суму Иран риалы, Вьетнам донгу жана Индонезия рупиясы менен бирге дүйнөдөгү эң алсыз валюталардын ондугуна кирди. Бул тууралуу “Central Asian Light” медиа порталы “Forbes” журналына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, 1 доллар 11 516 өзбек сумуна барабар.

“Forbes” Өзбекстан пахтанын дүйнөлүк лидер экспорттоочусу экенин жана баалуу кендердин, мунайдын жана газдын олуттуу запастарына ээ экенин белгилеген. Экономикалык реформаларды ишке ашырууга карабастан, өлкө төмөнкү экономикалык өсүш, жогорку инфляция, жумушсуздук жана коррупция менен күрөшүүнү улантып жатканын жазган.

Өзбекстандын суму эң начар он валютанын тизмесинде төмөндөгүлөр менен катар берилген:

  • Иран риалы;
  • Вьетнам донгусу;
  • Лаос кип;
  • Сьерра-Леонелик леоне;
  • Индонезия рупиясы;
  • Ливан фунту;
  • Гвинея франкы;
  • Парагвайлык гуарани;
  • Уганда шиллинги.

“Forbes” ошондой эле эң күчтүү валюталардын рейтингин түзгөн. Бул тизмеге Кувейт динары, Бахрейн динары, Оман риалы, Улуу Британиянын фунту, Швейцария франкы, АКШ доллары жана евро жалпы европалык валюта кирген.

Белгилеп кетсек, кыргыз сому дүйнөдөгү эң күчтүү валюталардын тизмесине да, алсыз валюталардын тизмесине да кирген эмес.


Читать похожее