Опубликовано
09.03.2022, 04:51Соода-өнөр жай палатасы Германияга такшалма боюнча жеке ишкерлерден арыздарды кабыл ала баштады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.
Соода-өнөр жай палатасы менен Федералдык экономика жана климатты коргоо министрлигинин "Fit for Partnership with Germany" биргелешкен программасы - бул:
Белгиленгендей, арыздар 2022-жылы 20-мартына чейин кабыл алынат.
Программанын мүнөздөмөсү:
Анын ичинде:
- Онлайн окутуу – 6 жума
- Германияда болуу – 2 жума
- Ишке ашыруу этабы – 6 ай.
"Талаптарга төп келгендер гана оозеки маектешүүгө чакырылат. Тандоого катышуу үчүн зарыл болгон документтер баштыгын алуу үчүн managerprogrammkg@gmail.com дарегине жазыңыздар (каттын темасына толук аты-жөнүңүздү жана "Германияда стажировка" деп баш сабын көрсөтүңүз)", - деп айтылат маалыматта.
Соода-өнөр жай палатасы кошумча суроолор боюнча 0312 90 15 20, 0770 880 818 телефон номурларына чалууну өтүнөт.
Белгилей кетсек, "Fit for Partnership with Germany" Программасы КРда 2007-жылдан тарта иштейт. 2017-жылдан баштап ал КРнын Соода-өнөр жай палатасынын Бизнес-билим берүү борбору (БББ) аркылуу ишке ашырылат. Бүгүнкү күндө Программага 300дөн ашуун кыргызстандык ишкерлер катышты. Немистик ишкерлер менен өз ара аракеттенүүдөн улам эки тараптуу соода-экономикалык кызматташуу өнүгүп, көзгө илинээрлик натыйжаларды бере алды: 2017-2019-жж. эки өлкө ортосунда товар алмашуу 26 млн. еврого жакындады.
Программанын аркасында учурда немистик өнөктөштөр менен ийгиликтүү иштеп жаткандар: "Адал Азык" ЖЧКсы, "Куликовский" СМ, "М-Вектор" ЖЧКсы, "Eurasia Group KGZ” ЖЧКсы, "Алайку Органикс" ЖЧКсы, "Asian Med Trade" ЖЧКсы, "Nomad Greenhouse" ЖЧКсы жана башкалар.