Опубликовано
02.03.2022, 03:31Кичи ГЭС, күн жана шамал электр станцияларын курууга ниети бар ишканаларга каттоо жөнүндөгү күбөлүктөр тапшырылды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кечээ, 1-мартта энергетика министри Доскул Бекмурзаев Кыргызстандын жаңылануучу энергия булактарын өнүктүрүүдө жетиштүү потенциалга ээ экендигин жана өзгөчө андагы гидроэнергетикалык ресурстарды эске алуу менен, кичи ГЭСтерди, күн жана шамал электр станцияларын курууга ниети бар ишканаларга ЖЭБ субъектилерин каттоо жөнүндөгү күбөлүктөрдү тапшырды.
“43 компанияга жалпы пландалган кубаттуулугу 1059,3 МВт деп (анын ичинде 298 МВт – күн станциясына; 50 МВт – шамал станциясына; 300 МВт – геотермалдык станцияга; 411,3 МВт – кичи ГЭСтерге) эсептелинген ЖЭБ субъектилери боюнча 61 күбөлүк тапшырылды”,- деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, жогоруда аталган ишканалар жаңылануучу энергия булактары субъектилеринин мамлекеттик реестрине киргизилет.