Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    15.04.2022, 10:24

    Кечээ, 14-апрелде Москва шаарында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 23-кеңешмеси өттү. Бул тууралуу минстрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

    Кеңешменин жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча кеңири сүйлөшүүлөр жүрдү.

    Кеңешменин жыйынтыгы боюнча төмөнкү макулдашууларга кол коюлду.

    • 2026-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу максатында гидроэнергетика тармагындагы долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу боюнча жол картасын даярдоо үчүн Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен «Гидродолбоор институту» АКнын эки тараптуу жумушчу тобун түзүү чечими кабыл алынды.
    • Жеңил өнөр жай товарлары менен өз ара сооданы жогорулатуу максатында Россиянын өнөр жай жана соода министрлигине кыргыз жеңил өнөр жай ишканаларынын продукциясынын ассортименти көрсөтүлгөн каталогун жөнөтүү макулдашуусу болду.
    • Тараптар санитардык-эпидемиологиялык абалды эске алуу менен жакын арада эки өлкө ортосундагы темир жол жана унаа жүргүнчү каттамын жандандырууну чечти.
    • Кыргызстандын салыктык башкаруу системасын өнүктүрүүгө көмөктөшүү макулдашылды.
    • Маданий-гуманитардык жана билим берүү чөйрөсүндө Россиянын ЖОЖдорунда кыргыз жарандарынын билим алуу квоталарын учурдагы 500 квотадан 700 квотага чейин көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу макулдашылды.
    • Кыргызстандын эмгектенүүчү жарандарынын Россиянын аймагында жүрүүсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү маселелери кеңири талкууланды.
    • Тараптар мамлекеттер аралык соода-экономикалык өнөктөштүктү активдештирүү жана товар жүгүртүүнү жогорулатуу максатында, 8-10-июнунда Екатеринбург шаарында кыргыз-орус өкмөттөрүнүн ортосунда 2022-2026-жылдарга экономикалык кызматташуу программасына кол коюу чечимине келишти.

    Мындан тышкары, эки өлкөнүн Финансы министрлигинин ортосундагы кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

    Ошондой эле тараптар комиссиянын жыйырма төртүнчү кеңешмесин 2023-жылы Кыргызстандын аймагында өткөрүүнү макулдашты.


    Читать похожее

    • 15.04.2022, 04:24:15