Опубликовано
24.07.2024, 03:2025-июлдан тарта М. Горький көчөсүндө жолду капиталдык оңдоо жумуштары башталат. Анын биринчи этабында М. Горький көчөсүнүн Ч. Айтматов проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Капиталдык оңдоонун алкагында жолдун асфальт катмары, бордюрлар жаңыртылып, жолдун үстүнкү катмарына майдаланган таш мастик асфальт төшөлөт.
Белгилеп кетсек, М. Горький көчөсү Манас проспектисинен 7-апрель көчөсүнө чейин бир нече этап менен реабилитация болот.
Эске салсак, буга чейин “Акчабар” Горький көчөсүн оңдоого 250 млн сом жумшаларын жазган.