Опубликовано
27.04.2023, 11:23Ушул жылдын биринчи кварталында "Сосновка" өткөрүү пунктунда акча чогултуу 49%га өстү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 2023-жылдын биринчи кварталында 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу “Сосновка” өткөрүү пунктунда акча чогултуу 49%га, ал эми “Кара-Көл” өткөрүү пунктунда 39%га өскөн.
Өсүш санариптик технологияларды киргизүү, салмак жана габариттик контролдоо пункттарында көзөмөлдү күчөтүү менен байланыштуу.
“Каражат сол чөнтөккө эмес, мамлекеттин казынасына түшө баштады”, - деп айтылат маалыматта.