Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

13.05.2024, 06:15

Микро, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо" долбоорунун алкагында 9 миң 715 ишкерге 6 млрд 671 млн 898 миң 917 сомго пайызсыз насыя берилди. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, 1-категория боюнча (1 млн сомго чейин) 8 миң 478 ишкерге 4 млрд 816 млн 019 миң 917 сом берилген. 2-категория боюнча (3 млн сомго чейин) 1 ми 214 ишкер насыя алган.

Жалпы сумма 1 млрд 855 млн 879 миң сомду түзгөн. Долбоор Кыргызстандын бүткүл аймагында 2027-жылдын июлуна чейин ишке ашырылат.


Читать похожее

  • 02.08.2024, 03:15:40
  • 29.05.2024, 04:43:01
  • 13.05.2024, 00:15:43
  • 29.03.2024, 05:26:34