Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

15.07.2024, 10:05

Микро, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо" долбоорунун алкагында 10 миң 185 ишкерге 7 млрд 152 млн 912 миң 917 сомго пайызсыз насыя берилди. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-категория боюнча (1 млн сомго чейин) 8 миң 821 ишкерге 5 млрд 80 млн 703 миң 917 сом берилген. 2-категория боюнча (3 млн сомго чейин) 1305 ишкер насыя алган. Жалпы сумма 2 млрд 72 млн 209 миң сомду түзгөн.

Белгилеп кетсек, долбоор Кыргызстандын бүткүл аймагында 2027-жылдын июлуна чейин ишке ашырылат.


Читать похожее

  • 16.08.2024, 00:52:45
  • 19.07.2024, 00:30:04
  • 15.07.2024, 04:05:31
  • 08.07.2024, 22:35:54