Ушул жылдын 15-августуна карата Ысык-Көл облусуна республикалык бюджеттен бюджеттер аралык трансферттер түрүндө 891,3 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, каражат төмөнкүлөргө бөлүнгөн:
- теңдөө трансферттери - 159,6 млн сом;
- уруксат берүү - 15,9 млн сом;
- мамлекеттик каттоочуларга - 2,5 млн сом;
- электр энергиясы үчүн 50% компенсация - 21,9 млн сом;
- жер салыгы боюнча жоготуулардын ордун толтуруу - 14,4 млн сом;
- айылдардын башкы планын өнүктүрүүгө - 26,7 млн сом;
- Каракол шаарын өнүктүрүүгө - 650 млн сом.