akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    28.03.2022, 08:50

    Ысык-Көл облусунун Тоң райондук прокуратурасы тарабынан облусту өнүктүрүү фондун башкаруу Дирекциясынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

    Текшерүүдө, Тоң районуна караштуу Төрт-Гүл айылындагы 200 орундуу маданият үйүнүн имаратын курууда Дирекциянын кызмат адамдары кызмат абалынан пайдалануу менен материалдык кызыкчылыктарды көздөп, подрядчылар менен алдын-ала макулдашууга барып, аткарылган иштердин актыларына жасалмаланган маалыматтарды жана иш жүзүндө аткарылбаган жумуштарды киргизишкендиги аныкталды. Натыйжада мамлекетке 2 млн 101 миң 192 сом өлчөмүндө зыян келтирилген, - деп айтылат маалыматта.

    Учурда бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш башталды.


    Читать похожее

    • 05.08.2024, 05:25:56
    • 02.08.2024, 01:27:03
    • 23.07.2024, 04:16:08
    • 09.07.2024, 04:26:11