Akchabarsearch
Источник фото: www

Опубликовано

12.07.2023, 03:21

Президент Садыр Жапаров “Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө балыкты өндүрмөлүк кармоого мораторий киргизүү жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө жашаган балыктардын бардык түрлөрүн өндүрмөлүк кармоого, ташууга, сатууга, сактоого, сатып алууга жана ташып чыгууга үч жылга убактылуу тыюу салынды.

Балыкты төмөнкү максаттар үчүн уулоого болот:

  • ышкыбоздук жана спорттук балык уулоону уюштуруу жана өткөрүү;
  • балык запастарын жасалма өндүрүп чыгаруу боюнча бекитилген ар жылдагы пландык иштерди жүргүзүү;
  • илимий-изилдөө иш-чараларын жана балык запастарынын абалына ихтиологиялык мониторинг жүргүзүү.

Ошондой эле, Министрлер кабинетине бул жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрүү жана аквакультура чөйрөсүндөгү колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тапшырылды.


Читать похожее