Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    04.07.2023, 10:36

    Улуттук инвестиция агенттигинин директору Умбриэль Темиралиев кубаттуулугу 50 мегаватт болгон “Күн булагы” күн электр станциясынын курулушу менен таанышты. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

    Маалыматка ылайык, долбоор Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айыл аймагында ишке ашырылып жатат. Жалпы инвестициянын көлөмү 35 млн. доллардан ашат. Долбоорду “Күн Булагы” ЖЧКсы казакстандык “TGS-Energy Limited” компаниясы менен биргеликте ишке ашырууда.

    Белгилей кентсек, долбоор Кыргызстанда кайра жаралуучу энергия тармагында биринчилерден болуп саналат. Аны ишке ашыруу өлкөдө электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүүгө жана ички керектөөнү жарым-жартылай жабууга жардам берет. Буга чейин аталган компания Тору-Айгыр айыл аймагынан жалпы аянты 80 гектар жер тилкесин алуу боюнча тендерди утуп алган.

    "Бүгүнкү күндө инвестор долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин (ТЭО) иштеп чыгып, “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ААКсынан алдын ала техникалык шарттарды алды. Ишкана инженердик-геологиялык жана инженердик-геодезиялык изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Жакынкы аралыкта айыл чарбадагы жоготууларды жана алынбай калган пайданы төлөп, ошондой эле айыл өкмөтү менен келишим түзгөндөн кийин ишкана техникаларды алып келип, объектинин курулушун баштайт”, - деп айтылат маалыматта.


    Читать похожее