Опубликовано
16.08.2024, 05:20Ысык-Көлдүн Тоң районунда чагылган тийип 60 кой өлдү. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгү билдирди.
Окуя 15-августта Коңур-Өлөң айылынын жогору жагындагы Кичи-Аңги жайлоосунда болгон.
Белгиленгендей, жайлоого унаа бара албагандыктан, өлгөн койлор айылга ат менен түшүрүлүп, андан кийин атайын жайга көмүлөт.