Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

19.06.2020, 08:50

Ысык-Көл облусунда санитардык талаптарды бузгандарга жалпы 134 миң сом айыппул салынды. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев билдирди.

[news 24956]

Анын айтымында, эң көп чач тарач кызматына − 23 миң сом жана коомдук тамактануу жайларына − 15 миң 500 сом айыппул салынган.

«Облустун район, шаарларындагы ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлорунун кызматкерлери тарабынан 2020-жылдын 30-апрелинен бери 2 миң 28 текшерүү жүргүзүлүп, 1 миң 705 санитардык көрсөтмө берилди. Санитардык талаптарды жана эрежелерди бузгандыгы үчүн 105 протокол түзүлүп, 18 токтом чыгарылып, 87 жооптуу тарапка 134 миң сомго айыппул салынды», — дейт ал.

Осмоналиев билдиргендей, облустун бардык аймактарында дезинфекциялоо иштери жүрүп, облуста бардыгы болуп 2 миң 840 объект дезинфекцияланып, жалпы 1 млн 743 миң 458 чарчы метр жер залалсыздандырылган.


Читать похожее

  • 22.03.2022, 02:44:01
  • 11.02.2022, 03:10:43
  • 23.07.2020, 22:20:15
  • 25.06.2020, 01:15:13