Опубликовано
01.08.2024, 06:0012-14-сентябрда Бостериде Ⅵ кыргыз-орус экономикалык форуму өтөт. Бул тууралуу СӨПтөн билдиришти.
Иш-чара Бостеридеги “Baytur Resort & SPA” пансионатында өтөт. Форумду КРнын соода-өнөр жай палатасы жана кыргыз-орус өнүктүрүү фонду уюштурууда.
Форумдун алкагында пленардык жыйындар, тематикалык сессиялар, ошондой эле Кыргызстан менен Орусиянын ишкерлеринин жолугушуулары болот, алар жаңы бизнес байланыштарды түзүүгө жана бекемдөөгө, экономикага инвестиция тартууга, биздин республиканын экспорттук потенциалын жогорулатууга мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
Форумга катышуу үчүн 20-августка чейин катталуу керек.