Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

19.08.2024, 05:10

Ысык-Көлдүн эки районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен билдиришти.

Облус аймагында катуу жааган жаандан жана анын кесепетинен жүргөн селден улам Ысык-Көл районунда жана Тоң районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Ошондой эле Жети-Өгүз, Түп жана Ак-Суу райондорунун администрациялары күчөтүлгөн режимде иштеп жатканы кабарланды.

18-август күндүз жана 19-августка караган түнү Ысык-Көл, Тоң, Жети-Өгүз, Ак-Суу жана Түп райондорундагы айылдарда катуу жаан жаап, бир нече жерлерде сел жүрдү. Турак жайларды суу каптап, бир катар жолдор жабылган.


Читать похожее

  • 18.08.2024, 23:10:31
  • 10.07.2024, 21:50:23
  • 02.07.2024, 02:00:10
  • 24.06.2024, 23:15:44