
Опубликовано
30.07.2024, 09:45Ысык-Көлдүн жээгинде парашют иштетүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулова билдирди.
Мындай чечим эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында кабыл алынган.
Ошондой эле Ысык-Көлдүн эс алуу аймактарында кээ бир суу транспорт каражаттарын пайдаланууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору эл өкүлү тарабынан демилгеленип, бүгүнкү күндө министрликтин сунушун эске алуу менен администрацияда каралууда.
"Туристтик сезондо Ысык-Көлдүн аймагында суу аттракциондорунун ишмердүүлүгүнө тыюу салууга кырсыктар көп катталып, анын кесепетинен эс алуучулардын арасында адам өмүрлөрү кыйылган учурлар себеп болууда", - деди министрдин орун басары