Опубликовано
08.04.2022, 11:07Президент Садыр Жапаровдун энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатындагы долбоорлорду өнүктүрүү боюнча тапшырмасын аткаруу алкагында Ысык-Көл облусунда 260 МВт күн электр станциясын жана ГЭСти куруу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюу аземи болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.
Документке министрлер кабинетинин атынан Энергетика министри Доскул Бекмурзаев жана «EcoEner» испан энергетикалык компаниясы кол койгон.
Меморандумга кол коюу аземи «Кыргызстандын энергетика секторун трансформациялоо» форумунун алкагында өттү.
Айта кетсек, «EcoEner» энергетикалык компаниясы энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагында гана иштейт. Компания Испания, Сербия, Гондурас, Гватемала, Доминикан, Панама, Колумбия, Эквадор, Кения, Грузия сыяктуу өлкөлөрдө ийгиликтүү иш алып барууда. Уюм жалпы кубаттуулугу 355 МВт жана иштелип жаткан 1522 МВт кубаттуулуктагы станцияларга ээ. Компания электр энергиясын өндүрүүдө алдыңкы дүйнөлүк технологияларды жана заманбап жабдууларды пайдаланат.