Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

07.05.2024, 09:35

Борбордук Азия өлкөлөрү транспорттук-логистикалык тармак боюнча артта калууда. Ал эми Кыргызстан 140 өлкөнүн ичинен 123-орунду ээлеген. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын аналитиктери түзгөн логистикалык эффективдүүлүк индекси (140 өлкө кирет) тастыктайт.

Изилдөөдө 2007-2023-жылдардагы маалыматтар талданган. Анда Борбор Азия өлкөлөрү төмөнкү орундарды ээлешкен:

  • Казакстан – 79-орун;
  • Өзбекстан – 88-орун;
  • Тажикстан – 97-орун;
  • Кыргызстан – 123-орун.

Түркмөнстандын логистикалык тармагынын абалы тууралуу маалымат болбогондуктан, бул өлкө рейтингге кирген эмес.

Белгилеп кетсек, транспорттук-логистика тармагы боюнча 1-орунда Сингапур, 2-орунда Финляндия, 3-орунга Дания, Германия, Нидерланды жана Швейцария кирген.


Читать похожее

  • 04.08.2024, 23:35:06
  • 17.06.2024, 04:45:50
  • 27.05.2024, 21:45:44
  • 15.05.2024, 04:25:07