Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    16.02.2021, 05:30

    Улуттук банктын эксперттеринин эсебинде орточо жашаган үй-бүлөдөгү эки адам эки бөлмөлүү батир алуу үчүн 11 жыл каражат чогултууга туура келет. Мындан эртерээк үй алууну каалагандар үчүн бирден бир жалгыз жол – ипотека болуп саналат.

    [news 28298]


    Өлкөдө ипотека алууну каалагандардын саны аз эмес. Буга Кыргызстандагы турак-жай насыясына болгон талаптын күчөп жаткандыгы күбө. Беш жыл ичинде банктардын насыя портфелиндеги ипотека үлүшүнүн позициясы гана бекемделбестен, 10.62% (+0.7%) чейин жогорулаган. 2020-жылдын аягында кыргызстандыктар 17.3 млрд сомго ипотека насыясын алышкан.


    Кыргызстанда мамлекеттик, социалдык, курулуш компанияларынан жана коммерциялык ипотекалар сунушталат. Коммерциялык ипотекадан тышкары, башка турак-жай насыясы бардык каалоочуларга тең ыңгайлуу боло бербейт. Алар адатта төмөнкүлөр менен чектелет:

    • Сумма;
    • Турак-жай сатып ала турган аймак;
    • Насыя алууга мүмкүн боло турган социалдык группалар;
    • Ала турган турак-жайга карата талаптар (өлчөмү жана максималдуу баасы боюнча).

    Кыргызстанда коммерциялык ипотека боюнча пайыздык чен 18% - 22% чейин болуп турат. Бул категория аркылуу «‎Бай-Түшүм» банкынан 21 млн сомго чейин насыя алууга болот жана бул абдан ыңгайлуу. Себеби, өздүк салымдын көлөмү 50% же андан жогору болсо, пайыздык чен жылына 18% түзөт. Муну менен катар, карызды батир алуу үчүн жана биринчи, экинчи рыноктогу жеке үй катары алса болот.


    Өзгөчөлүгү - ипотека боюнча төлөмдүн мөөнөтү 20 жылга чейин созулушу мүмкүн. Өз кезегинде үй-бүлөлүк бюджеттин карыз милдеттенмесин азайтат.

    [news 29993]

    Шарттар

    Башкы маалымат

    Насыянын минималдуу суммасы

    500000 сом

    Насыянын максималдуу суммасы

    21000000 сом

    Пайыздык чен

    18% жогору

    Насыялоо мөөнөтү:

    3 жылдан 5 жылга чейин (1 млн сомго чейин)

    10 жылдан 20 жылга чейин (2 млн сомдон жогору)

    10 жылга чейинки насыялоодо 20% кем эмес

    Өздүк салым

    10 жылдан өйдө насыялоодо 30% кем эмес

    Эгерде өздүк салым 50% түзсчө же андан ашса, пайыздык чен 1% кыскарат.

    Бүгүнкү күндө турак-жайы жок үй-бүлө батирди ижарага алып жашоого аргасыз. Толук шарты менен ижаранын акысы 20 миң сомду түзөт. Бул ипотека төлөгөн менен эле барабар. Бирок, мунун биринчи айырмачылыгы - башка бирөөнүн турак-жайы үчүн төлөйсүң, экинчиси – өзүңдүн үйүң үчүн. Кайсынысын тандайсыз, албетте, чечим сизде.


    Читать похожее

    • 04.08.2022, 23:41:51
    • 04.03.2021, 01:00:52
    • 15.02.2021, 23:30:28
    • 26.05.2020, 03:30:35