Akchabarsearch
Источник фото: WWW

Опубликовано

13.04.2023, 07:17

Баткен облусунун Кадамжай районунда Исфайрам дарыясына кубаттуулугу 4 мегаватты түзгөн чакан ГЭС курулууда. Бул тууралуу “Акчабарга” Кадамжай районунун акимчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, чакан ГЭСти куруу ишин "Ак-Буура Групп" ЖЧКсы жүргүзүүдө.

“Долбоордун жалпы сметалык баасы 3 миллион долларды түзөт. ГЭСти жеке инвесторлор каржылоодо. 1-агрегаты май-июнь айларында сыноодон өткөрүлөт”, - деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, Баткен облусунда жалпы 10 чакан ГЭСти куруу пландалууда.


Читать похожее