Akchabarsearch
Источник фото: www

Опубликовано

15.04.2021, 07:31

"Кадамжай-Коммунальщик" ААК муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жана "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери Кадамжай шаарында 30 батирди мыйзамсыз беришкен. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Мындан тышкары, аянты 10 жана 15 гектар болгон жер тилкелерин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысы аныкталды.

«Жогоруда аталган мамлекеттик ишканалардын жооптуу адамдары мыйзамдардын талаптарын бузуп, ушул кыймылсыз мүлк объектилерин ээликтен ажыратуу боюнча мыйзамсыз бүтүмдөрдү түзүшкөн. Белгиленген объектилерди мамлекеттин менчигине кайтаруу максатында Кадамжай районунун прокуратурасы тарабынан Баткен облусунун Административдик сотуна жана Кадамжай райондук сотуна доо арыздар келтирилген», - деп билдирди көзөмөл органы.

Учурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталды.


Читать похожее