Akchabarsearch
    Источник фото: Министрлер кабинети

    Опубликовано

    03.04.2022, 07:25

    Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кадамжай шаарындагы Алгакадам участкасында магистралдык каналдын курулушунун башталышы менен таанышы. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

    Каналдын жолун өткөрүү үчүн тоо тектери жардырылды.

    Каналдын курулушу 4200 гектар жерди сугат суусу менен камсыздоого мүмкүндүк берет. Ирригациялык объектинин узундугу 27,8 чакырымды түзөт. Ал эми долбоордун болжолдуу наркы 634,2 млн сомду түзөт.

    Облус активинин алдында сүйлөгөн сөзүндө Жапаров калк үчүн бул долбоордун маанилүүлүгүн белгиледи.

    Ал белгилегендей, өткөн жылдан тарта жалпы республика боюнча ирригациялык тутумду жакшыртуу боюнча масштабдуу иштер жүрүүдө, бул максатка 1 млрд сом бөлүнгөн.

    «Сиздер чоң жана уникалдуу долбоорду баштап, жарандык демилгеңиздерди көрсөтүп, аймактын инфраструктурасын өнүктүрүүгө салым кошуп жатасыздар. Албетте, министрлер кабинети мындай долбоорлорду колдоого даяр. Биз республика боюнча 30 чакан ГЭС курууну пландап жатабыз. Суу ресурстарын жана күн энергиясын натыйжалуу пайдаланып, ошондой эле тамчылатып сугаруу системасын киргизебиз. Мындан тышкары, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун баштайбыз», - деди Жапаров, ошондой эле Кумтөр кенинин ийгиликтүү иштеп жаткандыгы жана мугалимдердин, дарыгерлердин, социалдык коргоо жана маданият кызматкерлеринин эмгек маянасы бир топ жогорулагандыгы тууралуу маалымат берди.

    Белгилей кетсек, долбоорду ишке ашыруу жарым-жартылай «Алгакадам» коомдук бирикменин каражаттарынан, жарым-жартылай республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат.


    Читать похожее