Опубликовано
03.04.2023, 06:41Чүй областтык прокуратурасы тарабынан “Кадастр” МИнын Аламүдүн району боюнча филиалынын башчысы, жер мунапысы боюнча комиссиянын мүчөсү А.М.А. коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн жер мунапысы боюнча комиссиясы тарабынан Лебединовка айыл өкмөтүнүн аймагындагы 66,8 га мамлекетке тиешелүү айыл чарба багытындагы сугат айдоо жерлерди жер мунапысына киргизип, калктуу конуштар категориясына билип туруп мыйзамсыз которушкан факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Эске салсак, аталган кылмыш иштин алкагында быйыл 30-мартта Аламүдүн районунун акиминин орун басары, аталган комиссиянын төрагасы А.Б.Н. кармалган эле.
Учурда аталган кылмыш ишке тиешеси бар башка да кызмат адамдарды аныктоо чаралары көрүлүүдө.