Опубликовано
14.07.2021, 10:00Калк үчүн электр энергиясына баа быйыл көтөрүлбөйт. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев “Азаттык” үналгысына берген маегинде билдирди.
Маалым болгондой, калкка электр энергиянын бир кВт/сааты азыркыдай эле 77 тыйындан болот. Ал эми тоолуу райондордо электр жарыгына киргизилген 700 кВт/саат чектөө жоюлат. Эгер абонент бир айда 700 кВт/сааттан ашык электр энергиясын колдонсо 2 сом 16 тыйындан төлөйт.
Бекмурзаев кошумчалагандай, айлык, пенсия, жөлөк пул көбөймөйүнчө калкка электр энергиясынын тарифи көтөрүлбөйт.
2021-2025-жылдарга карата электр энергиясынын тариф саясаты боюнча токтомго ылайык, ушул жылдын 1-сентябрынан тарта электр энергиянын бир кВт/сааты 1 сом 9 тыйындан эсептелмек. Эгер абонент бир айда 1000 кВт/сааттан ашык электр энергиясын жакса, баа 2 сом 52 тыйындан эсептелмек.
Бирок өндүрүштүк ишканалар электр энергиянын бир кВт/саатына 5 сом 4 тыйындан төлөйт. Бул тариф сентябрь айынан тарта иштеп баштааары күтүлүүдө.