Опубликовано
27.05.2020, 06:30Азия өнүктүрүү банкы менен Дүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча долбоорго кызыгуусун билдирүүдө. Бул тууралуу маалымат жыйынында Улуттук энергетикалык холдингдин башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаров билдирди.
[news 24573]
Анын айтымында, Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча долбоор өкмөттүн кароосунда турат.
«Жакын арада өкмөт ал долбоорду кабыл алат деп ойлойм. Учурда сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бир нече вариант, инвесторлор бар. Азия өнүктүрүү банкы менен Дүйнөлүк банк тарабынан бул долбоорду каржылоо боюнча кызыгуусу бар», — деди ал.